Көп берилүүчү суроолор
Штрих коддор бир ирет сканирлөөдө саналуу секундда компьютерге тамга-сан маалыматын киргизүүнү шарттаган, сканерлер үчүн “тил” катары чыгат. Мындай жол менен штрих коддорду пайдалануу өндүрүлгөн жана сатылган продукцияны так жана ыкчам эсепке алууну камсыздайт.
GTIN номеринин өзү штрих коддун төмөнкү бөлүгүндө араб сандары менен кайталанган. Ал товарды өндүрүүчүгө жана аталышына сандык шилтеме болуп саналат. Ошондуктан маалыматтар базасында аныктоого болот: ишкананын аталышы, анын дареги, байланыш реквизиттери, жетекчинин Ф.А.А., товардын аталышы, анын өзгөчөлүгү, таңгагынын түрү, саны. Номердин аягында контролдук сан бар – бул мурдагы сандардын ырааттуулугунуна белгилүү алгоритм боюнча эсептелген сан. Контролдук сан сканирлөөчү түзүлүштөргө штрих кодду туура окууну ырастоо үчүн керек. Сканер штрих коддун сандарынын ырааттуулугун эсептейт, контролдук санды эсептеп чыгарат жана аны штрих коддогу контролдук сан менен салыштырат. Эгер маани шайкеш келсе, демек штрих код туура окулган болот.
Сиздин продукцияга GTIN-13 номерин GS1 Kyrgyzstanдан ала аласыз.
Колдонуу чөйрөсүнө жараша GTIN номери төмөндөгүдөй варианттарда берилиши мүмкүн: GTIN-8, GTIN-12, GTIN-13, GTIN-14.