GS1 жөнүндө

Товарларды сатуу GS1 штрихкодунан башталат

GS1 штрихкоду цифралык революцияны баштап бизнес жүргүзүүнүн шарттарын түп-тамырынан өзгөрттү. Сканер менен оңой эле штрихкодду окуп, товарды идентификациялап ал жөнүндө компьютерлешкен системадан маалымат алса болот.
Чакан жана ири компанияларга чыгарган товарларын туура идентификациялоо жана соода дүкөндөрүнө сатуу үчүн штрихкоддордун номерлери талап кылынат. Штрихкодду сканерлөө менен маалымат алуунун артыкчылыгы - татаал тармактык маселелерди чечүүдө зор жардам берет.

Туура маалымат менен туура продуктунун байланышы
Туура продуктуну өз адресине кечиктирбей убагында жеткирүү
Туура дары-дармектерди туура бейтапка так берүү

Товарлардын үзгүлтүксүз жүрүшү менен маалыматтын жүрүшү тыкыс байланышта

Сатып алуучулар, бейтаптар, бизнес-өнөктөштөр жана иретке салуучу уюмдар келип түшкөн товарлар жөнүндө кеңири маалымат талап кылат. Бирок татаал жана чыгымды көбөйтүүчү продукту жөнүндө маалымат алуу процессинде жаңылыштыктар жана катачылыктар өсөт.
Продуктунун цифралык түрүн түзүүгө GS1 мүмкүнчүлүк жаратып, азыркы мезгилде цифралык өзгөртүүдө жардамын берет. Ошонун натыйжасында товарларды көзөмөлдөп сатып алуучуга да, байтапка да көп артыкчылык жаратат.

Продукту жөнүндө так маалыматтын оңойлугу
Продуктуну издеп жана сатып алуунун жеңилдиги
Соода жана саламаттык сактоо боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүү

Бизнестин коопсуздугу жана эффективдүүлүгү

GS1 штрихкоддоонун стандарттары бүткүл дүйнө боюнча кеңири колдонулган система. Продукт боюнча даана, так таратууну камсыз кылуучу маалыматты кеңири айтуу менен, продукту кайдан чыккан, ал кандай даярдалган, кайсы этаптардан өткөндүгү тууралуу кеңири маалымат берет. Бул өз кезегинде ар кандай түшүнбөстүктөргө жол бербей, бизнес-партнерлордун иш алып барууларына кеңири жол ачып жеткирүү чынжырында бизнестин эффективдүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздайт.

Иштетүү операцияларын тездетүү
Чыгымдарды жана жоготууларды кыскартуу
Сатып алуучулар менен бейтаптардын коопсуздугун коргоо

Бизнести өнүктүрүү максатында рынок мүчөлөрүнүн биригүүсү

GS1 тутуму өзүнүн нейтралдык глобалдык платформасында ири өнөр жай тармактары, мамлекеттик органдар, ассоциациялар жана окуу жайлары менен маалымат алмашууга кеңири шарт түзөт. GS1 тутумунун бүткүл дүйнө боюнча 110дон ашык өлкөдө өкүлчүлүктөрү бар жана алар 2 миллиондон ашык уюмду тейлейт. Күн сайын 6 миллиарддын тегерегинде штрихкоддор окулат.

GS1

GS1 Глобалдык уюмдун иши жөнүндө кененирээк

Андан ары