Маалыматтарды алып жүрүүчүлөр

GS1дин бардык идентификациялык ачкычтарын маалымат алып жүрүүчүлөргө которуп койсо болот. Алып жүрүүчүлөрдө коддолгон маалыматты сканер аркылуу окуса болот (мисалы штрихкод магазиндин кассасында окулат).

Штрихкоддордун жана маалымат алып жүрүүчүлөрдүн бир нече түрү бар. Аларда идентификациялык ачкычтарды жана кошумча маалыматтарды коддосо болот.

Коддоодо сиздин маалыматыңыздын түрү жана көлөмүнө карата маалымат алып жүрүүчүлөрдүн ар түрдүү түрлөрүнө жараша колдонулат. Андан тышкары дагы сканерлөө чөйрөсүнөн жана маалымат алып жүрүүчүлөр баскан материалдарга байланыштуу, мүмкүн бизнес-өнөктөштөрдүн талабына жараша болушу да мүмкүн.

Сызыктуу штрихкоддор

Сиздер сызыктуу штрихкоддорду кеңири керектелүүчү товарлардан көрөсүздөр. Сызыктуу штрихкод - сызыктан жана арасы ачыктыктан турат, алардын туурасы жана узундугу коддолгон маалыматка же Соода буюмдардын глобалдык номерине (GTIN) байланыштуу.

Сызыктуу штрихкоддордун кеңири тарагандары:

EAN/UPC

Штрихкоддордун бул түрү бардык GS1 маалыматтарды алып жүрүүчүлөрүнүн арасында узак тарыхка ээ, алар менен дээрлик ар бир керектүү товары маркаланат. EAN/UPC штрихкоддору Соода буюмдардын глобалдык номерлерин GTIN (GTIN-13, GTIN-12, GTIN-8) гана кодойт жана кошумча маалыматты коддоону карабайт. Мындай штрихкоддорду негизинен дүкөндөрдө касса терминалдары аркылуу колдонушат (кээде логистикалык чөйрөдө да).

Идентификациялык GTIN-13 номери EAN-13 штрихкодунда коддолот.

EAN-13 символу кичине көлөмдөгү кутучаларга батпагандыктан EAN-8 штрихкоду колдонулат. Бул штрихкоддо GTIN-8 номери коддолот.

UPC-A жана UPC-E Түндүк Америкада колдонулат жана GTIN-12 номери коддолот.

GS1 DataBar

EAN/UPC символдорунан айырмаланып, GS1 DataBar штрихкоддору продукцияны маркалоого көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет. GS1 DataBar бардык символдору абдан чакан болгондуктан, алар маркалоо татаалдашкан керектөө товарларындагы GTIN номерин коддоого жөндөмдүү болот (дааналанган жаңы азыктар, зер буюмдар, “өзүн жаса” түрүндөгү товарлар).

GS1 DataBar маалыматтардын белгилүү талаасынын алдында кашаада көрсөтүлгөн жана маалыматтардын бир ыраатуулугун башкасынан бөлүү үчүн кызмат кылган ар кандай Колдонуунун идентификаторлорун (AI) пайдалана алат. Алардын жардамы менен серия номерин, партия номерин, жарактуулук мөөнөтүн, салмагын ж.б. коддоого болот, ошондуктан GS1 DataBar туруктуу, ошондой эле өзгөрмөлүү өлчөө продукциялары үчүн жарайт.

Ар кандай колдонуу үчүн оптималдаштырылган, GS1 DataBar бардыгы болуп жети түрү бар.

ITF-14

ITF-14 штрихкоду логистикалык тармакта колдонулат, бирок чекене соода касса терминалдарында (POS) сканерленбейт.

Бул штрихкод сырткы упаковкалар үчүн атайын иштелип чыккандыктан, басып чыгаруу талаптарынын төмөндүгүнө карата ал гофриленген картон бетине жана башка упаковкаланган материалдарга жарайт.

Бул штрихкод GTIN-14 номерин гана коддойт, кошумча маалыматсыз.

GS1-128

GS1-128 штрихкоду логистикалык тармакта колдонулат жана касса терминалдарында (POS) сканерленбейт.

Аталган штрихкоддун түрү таңгактын сыртындагы логистикалык этикеткага басылат (мисалы кутучалар, паллеттер жана кайрадан пайдалануучу контейнерлер).

GS1-128 штрихкоду окуучу түзүлүштүн мүмкүнчүлүктөрүнө жараша каалаган узундуктагы сан гана эмес, алфавиттик-сан маалыматты коддой алат.

Бул штрихкоддо Колдонуунун идентификаторунун (AI) жардамы менен бир нече маалыматтар талаасын бириктирүүгө болот: мисалы, GTIN номери, жарактуулук мөөнөтү, серия же партия номери ж.б.

Эки ченемдүү штрихкоддор (2D)

Эки ченемдүү штрихкоддор ак жана кара модулдардан турган матрица болот. Модулдар төрт чарчы же тик бурчтук түрүндө болот, алар белгиленген тартип менен орун алышат. Эки ченемдүү штрихкоддордун артыкчылыгы, анча чоң эмес символикада көбүрөөк маалыматты коддойт. Булар ар кандай өнөр жайларында кеңири колдонулат. Мисалы өндүрүштөн баштап складдоого чейин, логистикада жана саламаттык сактоодо пайдаланылат.
GS1 DataMatrix

GS1 DataMatrix (ISO ECC 200 версиясы) бул эки ченемдүү штрихкод – анын негизги артыкчылыгы кичиникей символикада көп маалыматты коддойт. Эки ченемдүү штрихкодду сканерлөөгө фотосканер керек. GS1 DataMatrix негизинен саламаттык сактоодо колдонулат. Ошондой өзгөрүлмө салмактагы буюмдарда жана өкмөттүк маркировка тутумунда да колдонулат.

Бул штрихкоддо GTINден башка да GS1дин идентификациялык ачкычтарын жана дагы кошумча маалыматты коддосо болот. Мисалы, товардын тобунун номери жана жарактуулугу. Бул маалымат Колдонуу идентификаторун пайдалануу менен коддолот.

Символ үстүңкү бетке ар кандай жолдор менен түшүрүлүшү мүмкүн: чачма басма, гравирлөө, лазер ж.б.

GS1 QR Code

Эки ченемдүү штрих коддордун дагы бир түрү QR Code болуп саналат, ал япон иероглифтерин коддону шарттагандыгынын аркасында, алгач Японияда кеңири жайылган. Убакыттын өтүшү менен QR Code дүйнө жүзүндө жарнамада жана маркетингде жигердүү пайдаланыла баштаган.

QR Code мобилдик телефон пайдалануучулар арасында кеңири таанымал болгон. Бул штрих коддун жардамы менен текст маалыматты коддоого, даректер китебине байланыштарды кошууга, web-шилтемелерге өтүүгө, sms-билдирүү жөнөтүүгө ж.б. болот.

Бул коддо пайдалануу GS1 тутуму тарабынан дагы кармалат. Анын жардамы менен GTIN номерин, партия номерин, серия номерин, жарактуулук мөөнөтүн ж.б. коддоого болот.

Радиожыштык менен идентификациялоо

Маалыматтардын радиожыштык алып жүрүүчүлөрү – бул штрихкоддор эмес, керектүү маалыматтарды сактаган жана электр магниттик толкундар аркылуу аларды окуучу түзүлүшкө берген, кабыл алгыч-бергичтер (антеннага кошулган микрочиптер). Радиожыштык толкундары катуу материалдар аркылуу өтө алгандыктан, кабыл алгыч-бергич жабышкаак пленканын жардамы менен түшүрүлүп же таңгакка же продуктка түздөн-түз куралышы мүмкүн. Бири-бирин түз көрө алган зонада окуучу түзүлүшкө жана кабыл алгыч-бергичке ээ болуунун зарылчылыгы жок.

Радиожыштык белгилеринде Продуктунун электрондук коду (EPC) аркылуу буюмдардын идентификациясы жасалат.

Радиожыштык менен идентификациялоо саламаттыкты сактоодо кеңири колдонулат, ошондой эле буюмдардын өндүрүшүн жана сатуусун көзөмөлдөйт.