Тарыхы

GS1 калыптануу тарыхындагы маанилүү даталар

1973: Штрих менен коддоо стандарты тандалган

АКШдагы өнөр жай лидерлери продукцияны идентификациялоо үчүн бирдиктүү стандартты – Продукттун универсалдуу кодун (UPC) тандашат. Азыркы убакта пайдаланылган UPC GS1 биринчи штрих коду болгон.


1974: Биринчи сканирлөө

Wrigley’s сагыз таңгагы АКШнын Огайо штатындагы Marsh супермаркетинде штрих кодду пайдалануу менен сканирленген алгачкы продукт болуп калган.

АКШда Бир түргө келтирилген код боюнча кеңеш (UCC) – бүгүнкү күндө GS1 USA катары белгилүү болгон коммерциялык эмес уюм түзүлгөн.


1977: GS1 тутумунун иштей башташы

Брюсселде Предметтик номерлештирүүнүн Европа ассоциациясы (EAN) түзүлгөн – кийин GS1 аталышына ээ болгон. Бул уюмдун негиздөөчүлөрү чекене соода чөйрөсүндө жеткирүү чынжырынын натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган идентификациялоо тутумун киргизген.


1983: Транспорттук таңгактагы штрих коддор

Касса терминалдары аркылуу сатылуучу сооданын керектөө предметтериндеги штрих коддордон тышкары, GS1 стандарттары транспорттук таңгактагы ITF-14 штрих коддордун дагы камтый баштады.


1989: Стандарттарды кеңейтүү

GS1 Маалыматтарды электрондук алмашуунун биринчи эл аралык стандартын иштеп чыгуу менен, электрондук коммерция тарабына биринчи кадам жасайт.


1990: Стандарттарды иштеп чыгуудагы кызматташтык жөнүндө макулдашуу

Бирдей түргө келтирилген код боюнча кеңеш (GS1 USA) жана EAN International (GS1) дүйнөнүн 45 өлкөсүндөгү өкүлчүлүктөр менен бирдиктүү уюмду түзүп, эл аралык стандарттарды башкаруудагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюшат.


1995: Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө биринчи стандарттарды иштеп чыгуу

GS1 ишмердик чөйрөсү эми саламаттыкты сактоо секторун камтыйт. Саламаттыкты сактоо органдары менен тыгыз иш жүргүзүлөт.


1999: GS1 DataBar символикасынын пайда болушу

Көптөгөн изилдөөлөр жана иштеп чыгуулардан кийин, GS1 DataBar кыскартылган ченемдүүлүк символикасы түзүлөт. Ал кадимки штрих кодго караганда көбүрөөк маалыматты коддоону шарттайт, бирок муну менен катар кыйла аз өлчөмгө ээ болот.


2000: GS1 90-өкүлчүлүгү ачылат

Он жылда GS1 Улуттук уюмдарынын саны эки эсе көбөйгөн.


2004: Радио жыштык менен идентификациялоонун (RFID) биринчи стандарты иштелип чыккан

Радио жыштык чиптерин пайдалануу жайылганда, аларды киргизүү жана пайдалануу үчүн стандарт иштелип чыгат.


2007: GS1 B2C чөйрөсүн өздөштүрөт

Электрондук коммерциянын өсүшү менен GS1 керектөөчүлөргө продукция жөнүндө негизги маалыматка түз жетүү мүмкүндүгүн берген ачык стандарттарды иштеп чыга баштайт.


2013: 40 жылдык мааракени майрамдоо

Дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүндө иштеп жана 1 миллиондон ашык мүчөлөргө ээ болуп, GS1 иштиктүү баарлашуунун глобалдык тилинин пайда болушунун 40 жылдыгын белгилейт.