Верификациялоо

Кээде компаниялар таңгактагы штрих коддор окулбагандыктан баасы он миңдеген доллар турган продукцияны кайра өзүнүн жеткирүүчүлөрүнө жөнөтө турганы же бул себептен улам мындай жеткирүүчүлөрдөн таптакыр баш тарта турганы жөнүндө угабыз. Мындай экстремалдуу окуялар штрих кодду верификациялоонун (б.а. тууралыгын текшерүү) маанилүү экендигин унутпагандарга коркунуч жаратпайт.

Маалыматтарды автоматтык топтоо менен байланыштуу бүтүндөй өндүрүмдүүлүк жана экономикалык үнөмдүүлүк штрих коддордун кепилденген сапатында гана алынышы мүмкүн. Ошондуктан, штрих коддор окулбагандыгына байланыштуу пайда болуучу чоң чыгымдардан жана ыңгайсыздыктардан алыс болуу үчүн, сапатты өз убагында текшерүү абдан маанилүү.

Штрих кодду верификациялоо конкреттүү код жөнүндө, ошондой эле таңгактын бүтүндөй партиясынын мүнөздөмөлөрү, коддун бардык шартта ар кандай сканерлердин жардамы менен окула тургандыгы жөнүндө маалымат берет. Верификациялоонун жардамы менен басманын контрастына так баа берүүгө, символду, эркин зоналардын кеңдигин, штрихти чоңойтууга, ошондой эле штрих коддун туура жайгашканын баалоого болот.

Штрих коддор катасыз басылганына толук ишенимдүү болуу үчүн, сиз GS1 Kyrgyzstan Ассоциациясынын алдында түзүлгөн Сыноо лабораториясына кайрылышыңыз керек, ал жерде ар кандай Параметрлер боюнча штрихкодду кылдат текшерүү өткөрүлөт.

Сиз сиздин товарда баскан жана сатып алуучуларга жөнөткөн штрих коддор – бул сиздин сапат жөнүндө кам көрүүңүздүн кара-ак индикатору!

Өзүңүздүн штрих коддорду верификациялоону өткөрүү менен, Сиз ишенимдүү боло аласыз:

  • Штрихкоддорду сканирлөөнүн бардык чөйрөсүндө окуганга болот
  • Штрихкоддор, демек сиздин продукциянын таңгагы эл аралык таанууну алат
  • Сиз штрихкоддун окулбастыгы үчүн айып санкцияларынан алыс боло аласыз
  • Сиз продукцияларды кайра кайтаруу жана этикеткаларды кайра басып чыгаруу жөнүндө тынчсызданбай эле койсоңуз болот
  • Сапатуу окулуучу штрихкодго ээ болуу менен, сиз сиздин продукцияны сатып алуучулар менен жакшы жана узак мамилелерди түзө аласыз
  • Окулуучу штрихкоддор камдыктарды так интерактивдик башкарууга шарт түзөт, бул чекен сатуучулар жана алардын жеткирүүчүлөрү үчүн артыкчылык