Биз тууралуу

Биз кимбиз?

2002-жылдан тартып GS1 Кыргызстан буюмдарды номерлөө ассоциациясы Кыргызстандагы GS1 эл аралык уюмунун расмий жана жападан жалгыз өкүлү болуп саналат. GS1 Кыргызстан өзүнүн макамы боюнча ишканалардын ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде иштеген өкмөттүк эмес жана коммерциялык эмес уюм болуп саналат. Ассоциациянын иши GS1 менен болгон Лицензиялык макулдашуу менен жөнгө салынат, ошондой эле жергиликтүү ченемдик актылар менен бекемделет: КР Өкмөтүнүн 17.02.03-ж. №70 “Кыргыз Республикасындагы экспорттолуучу продукцияга штрихкоддоону киргизүү жөнүндө” токтому жана штрихкоддоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик стандарттар.

Биз эмне кылабыз?

Бүгүнкү күндө GS1 Кыргызстан 1000ден ашык ишкана-мүчөлөрдү камтыйт, алар үчүн: GS1 компаниясынын префикстерин (GCP) жана Жайгашкан ордунун глобалдык номерин (GLN) ыйгарат. Ошондой эле GS1 тутумундагы ишканалардын продуктуларын коддоону (Соода буюмдардын глобалдык номерлерин (GTIN) берет). GS1 Кыргызстан штрихкоддоо боюнча стандартты иштеп чыгат жана Ассоциациялардын мүчөлөрүнө стандарттарды туура пайдалануусу үчүн консультация берет.