Штрихкодду алуу

Эгерде сиз өз товарыңызды магазинге же электрондук соода аянттарына чыгарам десеңиз сизге штрихкод номери керек, ал продуктуну идентификация кылат. Бул Соода буюмдардын глобалдык номердин аты (GTIN), ошондой эле EAN аты менен да бегилүү.

Кыргыз Республикасынын аймагында жалгыз гана GS1 Кыргызстан эл аралык GTIN номерлерин жана башка GS1 идентификациялык ачкычтарын ыйгарууга укуктуу.

GS1 Кыргызстанга мүчө болуу менен сиз уникалдуу Глобалдык компаниясынын префиксине (GCP) ээ болуп товарларыңарды эле идентификациялабай, оор жүктөрдү, таңгактарды, ошондой эле физикалык жактан жайгашкан орундун да номерин ала аласыздар.

Эмне үчүн GS1 Кыргызстан штрихкодду алыштын зарылчылыгы бар?

GS1 менен гана ачык түрдө штрихкод номерин ала аласыз
Биздин штрихкод номери бардык соода аянтчаларында белгилүү
GS1 штрихкодсуз товарларды маркировкадан өткөрө албайсыз
GS1 стандарттарынын башка түрлөрүн бизнес жүргүзүүдө, мисалы Жайгашкан ордунун глобалдык номерин (GLN) да пайдалана аласыз

Штрихкод аллуга үч кадам