Көп берилүүчү суроолор

Штрихкоддор товарларды же кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтырылган каттоого алууну жүргүзгөндөр үчүн керек. Бул өндүрүүчү ишканалар, дүң фирмалар, дүкөндөр, ташуучулар жана башка уюмдар болушу мүмкүн.

Штрихкоддор бир ирет сканирлөөдө саналуу секундда компьютерге тамга-сан маалыматын киргизүүнү шарттаган, сканерлер үчүн “тил” катары чыгат. Мындай жол менен штрихкоддорду пайдалануу өндүрүлгөн жана сатылган продукцияны так жана ыкчам эсепке алууну камсыздайт.

EAN штрихкодун Соода буюмдардын глобалдык номеринен GTIN айырмалоо керек. EAN штрихкоду автоматтык окуу үчүн жарактуу түрдөгү GTIN уникалдуу номеринин графикалык сүрөтүн түшүндүрөт.

GTIN номеринин өзү штрихкоддун төмөнкү бөлүгүндө араб сандары менен кайталанган. Ал товарды өндүрүүчүгө жана аталышына сандык шилтеме болуп саналат. Ошондуктан маалыматтар базасында аныктоого болот: ишкананын аталышы, анын дареги, байланыш реквизиттери, жетекчинин Ф.А.А., товардын аталышы, анын өзгөчөлүгү, таңгагынын түрү, саны. Номердин аягында контролдук сан бар – бул мурдагы сандардын ырааттуулугунуна белгилүү алгоритм боюнча эсептелген сан. Контролдук сан сканирлөөчү түзүлүштөргө штрихкодду туура окууну ырастоо үчүн керек. Сканер штрихкоддун сандарынын ырааттуулугун эсептейт, контролдук санды эсептеп чыгарат жана аны штрихкоддогу контролдук сан менен салыштырат. Эгер маани шайкеш келсе, демек штрихкод туура окулган болот.

Жок, Улуттук номерлештирүү уюмуна кирүүнү жана таңгакка штрихкодду түшүрүүнү милдеттендирген ченемдик актылар жок. Штрихкодду пайдалануу жөнүндө чечимди компания өзүнүн керектөөлөрүнө жана белгилүү сатуу рыногунун талаптарына ылайык өз алдынча кабыл алат.

Эч ким. GS1 – бул 100дөн ашык Улуттук номерлештирүү уюмдарын бириктирген, товардык номерлештирүүнүн глобалдык эл аралык тутуму. Өзүнчө алынган өлкөдө же өлкөлөр тобунда GS1 бир гана өкүлү болот. Кыргызстанда GS1 тутумун пайдаланууга GS1 Кыргызстан буюмдарды номерлөө ассоциациясы гана ыйгарым укуктуу.

Ооба, GS1 Кыргызстан мүчө ишканалардын продукциясына уникалдуу эл аралык номерлерди ыйгарат. Компания эл аралык рынокко чыгууда бул номерлер менен штрихкодду коркпой колдоно алат.

Жок, штрихкоддун номери боюнча ишкана катталган Улуттук уюмду аныктоого болот. Бирок ишкана кайсы GS1 Улуттук уюмуна кошулууну өзү чечет.

GS1 эрежелерине ылайык продукцияны штрихкоддоо артыкчылыктуу укугу бул продукция кайда жана ким тарабынан өндүрүлгөнүнөн көз карандысыз, товардык белгинин (брэнддин) ээсине таандык болот. Эгер кандайдыр бир себептерден улам соода маркасынын ээси штрихкод түшүрбөсө, анда муну даярдоочу же жеткирүүчү (импортчу) жасай алат. Этикеткада жеткирүүчү компаниянын аталышы жана анын штрихкоду көрсөтүлөт.

GS1 компаниясынын префикси – бул GS1 тутумундагы ишкананын эл аралык каттоо номери. Ал GTIN-13, GTIN-14, GLN, SSCC номерлеринин курамдык бөлүгү болуп саналат. GS1 Кыргызстанга кирүүдө ишкана GS1 компаниясынын префиксин ыйгаруу жөнүндө расмий күбөлүк алат.

Соода буюмдардын глобалдык номери GTIN (Global Trade Item Number, англ.) – бул баа белгилене турган, тапшырык кылына турган же ал боюнча жеткирүү чынжырында эсеп чыгарыла турган, соода буюмдун (продукт же кызмат көрсөтүү) идентификациялоочу уникалдуу эл аралык номер. Мындай соода буюмдары кызмат көрсөтүүлөрдүн жана продукттардын бардык түрлөрүн, чийки заттан тартып даяр керектөө продукциясына чейин камтыйт.

Колдонуу чөйрөсүнө жараша GTIN номери төмөндөгүдөй варианттарда берилиши мүмкүн: GTIN-8, GTIN-12, GTIN-13, GTIN-14.

Жайгашкан ордунун глобалдык номери GLN (Global Location Number, англ.) ишканаларды, функционалдык бөлүмдөрдү жана физикалык жайгашкан ордун идентификациялоого арналган. Ал белгиленген узундукка ээ – 13 сандан турат жана курамында GS1 компаниясынын префиксин камтыйт.

Ооба, бул учурда номер 2 санынан башталышы керек, бул “ички пайдаланууну” түшүндүрөт. Алсак, мисалы, дүкөн GTIN-13 номерлеринин өздүк түзүмүн иштеп чыгып жана аларды штрихкодго ээ болбогон товарларга же өзгөрмөлүү салмактагы продукцияга пайдалана алат. Бирок бул номерлер бул дүкөндүн (ишкананын) чегинен тышкары пайдаланылбашы керек.

Жок, сатылуучу продукцияны эсепке алуу жана контролдоо максатында бир топко кирген товарлардын тигил же бул түрлөрүнө ар кандай номерлерди ыйгаруу керек. Мисалы, курамында шире бар суусундуктардын ар кандай түрлөрүнө ар кандай номерлер ыйгарылат: алма, алча, апельсин ж.б.