Саламаттыкты сактоо

Бүгүнкү күндө медицина мекемелери чектелүү убакыт жана финансылык кыйынчылыктар шарттарында бейтаптарга кам көрүүнүн жогорку сапатын камсыздоого аргасыз болушууда. Ушуга байланыштуу көптөгөн медицина мекемелери клиникалык же коммерциялык процесстердин фундаменталдуу бөлүгү катары GS1 стандарттарын киргизүү бир катар уюштуруу артыкчылыктарын камсыздай турганын түшүнө башташты.

GS1 стандарттары бейтаптардын коопсуздугун жакшыртууга жардам берет жана оорулууларга кам көрүү үчүн көбүрөөк убакыт берет.

GS1 стандарттарынын жардамы менен медициналык мекемелер предметтерди, бейтаптарды, медицина персоналын, активдерди жана жайгашкан ордун уникалдуу жана автоматтык түрдө идентификациялай алышат, бул жеткирүүнүн бүтүндөй чынжырында процесстердин айкындуулугуна, анын натыйжалуулугуна жана чыгымдарды кыскартууга шарт түзөт.