Маалыматтарды алмашуу

GS1 тутуму идентификациялоо жана маалыматтарды топтоо технологиялары менен катар, маалыматтарды алмашуунун стандартташтырылган процесстерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыздайт. Маалымат алмашуу үчүн GS1 стандарттары электрондук коммерциялык транзакциялар үчүн негиз болуп саналат жана өзүнө негизги маалыматтардын өзгөрмөлүү маалыматтардын транзакция менен байланыштуу жана окуя жөнүндө маалыматтардын алмашуу стандарттарын камтыйт.

Маалыматтарды глобалдык синхрондоштуруу тармагы (GDSN)

Маалыматтарды глобалдык синхрондоштуруу тармагы (GDSN) соода өнөктөштөргө бири-бири менен өздөрүнүн коммерциялык маалыматтарын автоматтык алмашууну шарттайт. Башкача айтканда, компаниялар жеткирүүчүлөрдүн же ритейлердин бири өзүнүн маалыматтар базасын жаңылаганда, алардын өздүк базасы дагы жаңылана турганына ишенимдүү боло алышат. Ар бир адам бир эле жана тынымсыз жаңыланган маалыматтарда жетүү мүмкүндүгүнө ээ болот.

Бул үчүн ар бир уюм GS1 бекиткен жана текшерген маалыматтар банкына (data pool) кошулушу керек, ал кошулууну көзөмөлдөгөн, маалыматтардын уникалдуулугун кепилдеген жана GS1 стандарттары менен шайкештикти камсыздаган, GS1 Глобалдык регистри, борбордук директория менен байланышкан.

GDSN катышуунун артыкчылыгы:

– Акыркы пайдалануучулар реалдуу убакыт режиминде продукт жөнүндө ишенимдүү маалыматка жетүү мүмкүндүгүн алышат

– Тамактануу жана саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө стандарттарды жана ченемдерди натыйжалуу сактоо

– Маалыматтарды кол менен киргизүү процессин кыскартуу жана муну менен каталарды алдын алуу

– Маалыматтарды иштетүүдө убакытты эсепке алуунун каталарын азайтуу жана продукцияны сатууга чыгымдарды кыскартуу

– Рынокко жаңы продукттарды жеткирүүнү тездетүү жана жеңилдетүү

Маалыматтарды электрондук түрдө алмашуу (EDI)

GS1 идентификациялык тутуму жана маалыматтарды алып жүрүүчүлөр Маалыматтарды электрондук алмашуунун (EDI) стандарттары менен толукталат, бул ишканаларга бизнес-процесстердин натыйжалуулугун оптималдаштыруу үчүн бардык мүмкүн болгон дараметти пайдаланууну шарттайт.

GS1 EDI машиналык окуу үчүн продукциянын агымдарынын жана идентификациянын ортосундагы байланышты камсыздайт. EDI стандарттык билдирүүлөрүн колдонуу аркылуу пайдалануучу ээ болгон программалык жана аппараттык камсыздоонун өзгөчөлүктөрүнөн көз карандысыз маалыматтарды тез жана так берүүгө болот.

Маалыматтарды электрондук түрдө алмашуу негизги маалыматтарды өз убагында түзөтүү, тапшырыктарды, жеткирүүнү, финансы эсептерин, транспортту жана кампа камдыктарын башкаруу мүмкүнчүлүгүн камтыйт.

Маалыматтарды электрондук түрдө алмашууну пайдалануу менен компаниялар төмөндөгү артыкчылыктарга ээ болушат:

– Документтерди кол менен иштетүүнү кыскартуунун аркасында чыгымдарды төмөндөтүү, персоналга жана административдик башкарууга чыгымдарды азайтуу

– Маалыматтарды кол менен терүүдө жол берилүүчү каталардын пайда болушун жокко чыгаруу

– Маалыматтарды иштетүүгө убакытты кыскартуунун жыйынтыгындагы оперативдүүлүк жана кыска убакытта көп көлөмдөгү коммерциялык маалыматтарды берүү мүмкүнчүлүгү

– Өндүрүү, сатып алуу жана материалдык-техникалык жабдуу чөйрөсүндөгү натыйжалуу башкаруу

Азыркы убакта EDI бири-бирин толуктоочу стандарттарынын үч топтому колдонулат:

– GS1 EANCOM®

– GS1 XML

– GS1 UN/CEFACT XML

Алар ар кандай пайдалануучулар менен параллелдүү колдонулат, бирок XML интернет-технологияларды пайдалануу менен маалымат алмашууга жакшы ыңгайлашкан.