Идентификация

GS1 тутумунун базалык деңгээли – бул идентификация. Идентификациялык ачкычтар маалыматтар базасында сакталган объекттер жөнүндө маалыматка жетүү мүмкүндүгү үчүн эл аралык уникалдуу идентификаторлорду түшүндүрөт.

GS1 идентификациялык номерлери бизнес-процессти же коммерциялык операцияларды башынан аягына чейин ишенимдүү идентификациялоону камсыздайт. GS1 тутуму үчүн идентификациялык ачкычтардын артыкчылыгы алар товарлардын физикалык агымын бул товарлар жөнүндө маалыматтардын санариптик агымы менен байланыштырганында турат.

Ар кандай ачкычтар продукция, жайгашкан орун, активдер, документтер жана уюмдар сыяктуу ар кандай объекттерди идентификациялоо үчүн пайдаланылат. Мисалы, продукттарды идентификациялоо үчүн Соода буюмдардын глобалдык номери (GTIN), юридикалык жана жеке жактардын жайгашкан ордун идентификациялоо үчүн – Жайгашкан ордунун глобалдык номери (GLN) пайдаланылат.

Идентификациялык номерлер глобалдык масштабда уникалдуу болуп саналгандыктан, уюмдар соода өнөктөштөр үчүн алардын айкындуулугун камсыздоо максатында жеткирүүнүн жалпы чынжырында аларды эркин пайдалана алышат.

GS1дин негизги идентификациялык ачкычтары


GS1 идентификациялык ачкычтары Идентификациялайт Мисалы
Соода буюмдардын глобалдык номери (GTIN) Продукттар жана кызмат көрсөтүүлөр Бөтөлкөдөгү суу, шоколад плиткасы
Жайгашкан ордунун глобалдык номери (GLN) Компаниялар жана жайгашкан орду Компаниялар, кампалар, заводдор, дүкөндөр
Транспорттук таңгактын сериялык коду (SSCC) Логистикалык бирдиктер Паллеттеги, жөнөтмөдөгү бир жүк
Кайтарылуучу активдин глобалдык идентификатору (GRAI) Кайтарылуучу активдер Паллеттер, жашиктер, транспорттук тара
Жеке активдин глобалдык идентификатору (GIAI) Активдер Медициналык, өндүрүштүк, транспорттук жана IT жабдуу
Кызмат көрсөтүүлөрдүн глобалдык номери (GSRN) Кызмат көрсөтүүнүн провайдерлеринин жана алуучуларынын ортосундагы мамилелер Клиникадагы мед.кызматкер, китепкана мүчөлөрү
Документтин түрүнүн глобалдык идентификатору (GDTI) Документтер Салыктык кабарлама, транспорттук документтер, айдоочулук күбөлүк
Жүктүн партияларынын глобалдык идентификациялык номери (GINC) Жүктүн партиялары Океан аркылуу бир контейнерде ташылуучу логистикалык бирдиктер
Жүктөөнүн глобалдык идентификациялык номери (GSIN) Жүктөө Кардарга бир жеткирүү менен жеткирилүүчү логистикалык бирдиктер
Купондун глобалдык номери (GCN) Купондор Санариптик купондор
Компоненттин/деталдын идентификатору (CPID) Компоненттер жана деталдар Автомобиль деталдары
Моделдин глобалдык номери (GMN) Продуктунун модели Медициналык буюмдар

Идентификациялык ачкычтарды сиз GS1 Кыргызстандан ала аласыз

Андан ары

Жеткирүү чынжырында идентификациялык ачкычтары

Id Keys