EAN штрихкоду деген эмне жана ал кандай маалыматты камтыйт?

EAN штрихкодун Соода буюмдардын глобалдык номеринен GTIN айырмалоо керек. EAN штрихкоду автоматтык окуу үчүн жарактуу түрдөгү GTIN уникалдуу номеринин графикалык сүрөтүн түшүндүрөт.

GTIN номеринин өзү штрихкоддун төмөнкү бөлүгүндө араб сандары менен кайталанган. Ал товарды өндүрүүчүгө жана аталышына сандык шилтеме болуп саналат. Ошондуктан маалыматтар базасында аныктоого болот: ишкананын аталышы, анын дареги, байланыш реквизиттери, жетекчинин Ф.А.А., товардын аталышы, анын өзгөчөлүгү, таңгагынын түрү, саны. Номердин аягында контролдук сан бар – бул мурдагы сандардын ырааттуулугунуна белгилүү алгоритм боюнча эсептелген сан. Контролдук сан сканирлөөчү түзүлүштөргө штрихкодду туура окууну ырастоо үчүн керек. Сканер штрихкоддун сандарынын ырааттуулугун эсептейт, контролдук санды эсептеп чыгарат жана аны штрихкоддогу контролдук сан менен салыштырат. Эгер маани шайкеш келсе, демек штрихкод туура окулган болот.