Штрихкоддоо артыкчылыктуу укугу кимге таандык: соода маркасынын ээсине, товарды даярдоочуга же жеткирүүчүгө?
GS1 эрежелерине ылайык продукцияны штрихкоддоо артыкчылыктуу укугу бул продукция кайда жана ким тарабынан өндүрүлгөнүнөн көз карандысыз, товардык белгинин (брэнддин) ээсине таандык болот. Эгер кандайдыр бир себептерден улам соода маркасынын ээси штрихкод түшүрбөсө, анда муну даярдоочу же жеткирүүчү (импортчу) жасай алат. Этикеткада жеткирүүчү компаниянын аталышы жана анын штрихкоду көрсөтүлөт.