GS1 тутуму

GS1 стандарттар уникалдуу идентификация, буюмдар, жайгашкан орундары жана активдер тууралуу маанилүү маалыматтарды так топтоо жана автоматтык түрдө жайылтуу аркылуу бизнес үчүн бирдиктүү негиз түзөт

GS1 – товардык номерлештирүүнүн көп тармактуу тутумун башкарган жетектөөчү уюм. GS1 штрихкоддоонун стандарттарын жана бүткүл дүйнөдөгү жеткирүү тизмегинин натыйжалуулугун жана айкындуулугун жогорулатууга багытталган чечимдерди иштеп чыгат. GS1 Кыргызстан буюмдарды номерлөө ассоциациясы – Кыргызстандагы GS1дин расмий жана жападан жалгыз өкүлү катары штрихкоддордун жана GS1 компаниясынын префикстерин өлкө аймактарына таратуучу уюм.